www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүн кеңейтүүнүн экинчи этабы октябрь айынын орто ченинде бүткөрүлүп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын Маалымат борборунан билдиришти.
Аталган көчөдө жумуш иштери апрель айында башталып, 31-августта пайдаланууга берүү болжолдонгон. Бирок, ишти аткарып жаткан “Жалал-Абад АБЗ” компаниясы менен эки тараптуу келишимге өзгөртүү киргизилип, көчөнү бүткөрүү мөөнөтү артка жылдырылган. Анткени жол кеңейтүүдөгү мүчүлүштүктөр, тактап айтканда, жол бойлото тигилген дарактарды кесүү, кызыл сызыктан чыккан үйлөрдү жылдыруу сыяктуу жумуштар менен бирге коммуникациялык маселелерди чечүү да убакыт талап кылган.
Азыркы тапта кеңейтүү иштери бүткөрүлүп, жол жээгиндеги тротуарларды асфальттоо иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, Пушкин көчөсүнүн биринчи этабы өткөн жылы кеңейтилген. Быйыл узундугу 810, туурасын 16 метрге чейинки аралыкты кеңейтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 24 миллион сом акча каражаты каралган. Анын тендердик наркы 19 миллион сом деп бааланган.
Булак: NazarNews.kg