www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 3 жарандан 1,5 млн сомдон ашык акча алып, алдап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон райондук милицияга 3 жаран арыз менен кайрылышкан. Алар билдиргендей, Базар-Коргондун 54 жаштагы тургуну 2021-жылдын октябрь айынан бери райондогу борбордук базардан жана башка аймактарынан жер алып берем деп 1 млн 553 миң сом акча алып, убадасын аткарбай, качып кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 54 жаштагы А.Ч. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Бүгүн 15-ноябрда Базар-Коргон райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралат.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, Базар-Коргон районунун ички иштер бөлүмүнө же 03736 5 01 91 номерине кайрылуусун суранат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости