www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районунун Миң-Өрүк айылындагы №6 Т.Темирбаев атындагы мектеп-гимназия толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, 2-сентябрда пайладанууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев, Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев жана орун басары Талант Иманакун уулу катышты.

Белгиленгендей, мектеп 1976-жылдары курулган, ошондон тарта капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Быйыл июнь айында республикалык бюджеттин каржылоосу менен оңдоп-түзөө иштери башталган.

Билим ордо 650 окуучуга ылайыкталган, 3-кабаттуу окуу корпусу, актовый залы, ашканасы, спорттук залы жана өтмө галереясы бар.

Мектепте 2023-2024-окуу жылдары 1057 окуучу билим алган.

Последние новости