www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда 7-апрель-Элдик революция күнү белгиленип, курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, окуянын катышуучулары, каза болгондордун жакындары, мекеме-ишкана жамааттары жана жаштар катышты.

Анда сөз сүйлөгөн облус өкүлү Элдик революция мамлекеттин тарыхындагы бурулуш болгон маанилүү окуялардын бири экенин белгиледи.

"7-Апрель – Элдик революция күнү Кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя. Анын натыйжасы мамлекеттин андан аркы өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам таштоо менен демократия принциптерин ишке ашыра алды. Мамлекетебизде эч качан мындай кандуу окуялар кайталанбасын. Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун", – деди Сыргабаев.

Белгилей кетсек, апрель окуясында Жалал-Абад облусунан 9 адам каза болуп, 67 адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости