www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда 791 үй-бүлөгө коопсуз жайга көчүү боюнча эскертүү берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын шаар жана райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери облустун аймагындагы кооптуу аймактарда жашап келе жаткан үй-бүлөлөрдү көчүрүү боюнча эскертүү беришти.
Бул иш ар бир айыл аймак башчылары, шаар мэрлери жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Ошол эле учурда кооптуу аймактан көчүү үчүн мамлекет тараптан жер тилкелерин жана жөлөк пул алган үй-бүлөлөр тез убакыт ичинде көчүүсү керек экендиги комиссия тарабынан эскертилди.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 1067 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келишет. Жыл башынан тартып 791 үй-бүлөгө көчүү боюнча эскертме нускамалар жазуу түрүндө берилген.