www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда “Акылман” президенттик лицейи курулат

Жалал-Абад шаарында “Акылман” президенттик лицейи курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Капиталдык курулуш департаменти “Акылман” президенттик лицейин куруу боюнча долбоорлоо-сметалык документациясын даярдоого тендер жарыялады.

Бул максатка 12 миллион 411 миң 68 сом жумшоо пландалууда. Тендердик арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 18-августуна чейин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, “Акылман” президенттик лицейи окуучулардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү максатында 2023-жылы түзүлгөн. Мекеме президенттик фонддун эсебинен каржыланат.

Последние новости