www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда жүргүнчү ташыган автобустар 4 айдан бери каттамга чыкпай, кызматкерлер кыскарып кеткен. Бул маалыматты Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазанын жетекчиси Жыргалбек Жапаров ырастады.

Белгилүү болгондой, жылына 5,5 млн сом каражат бөлүнгөн жүргүнчү ташыган муниципалдык автобазада ушул тапта 15 автобус бар. Анын бешөөсү жарактан чыгып калган. Аталган ишкананын жетекчиси Жыргалбек Жапаров февраль айынын аягында каттамдар жанданарын, ушул тапта шаардык кеңештин депутаттары каржы маселеси карап жатканын айтты.

«2020-жылдын 24-мартында коронавирус илдетине чалдыккан алгачкы бейтап аныкталганда биздин каттамдар токтотулган. Андан кийин илдет күчөп жаткан учурда медкызматкерлерди 10-майга чейин акысыз ташып жаттык. Андан соң мен шартка байланыштуу иштен четтетилдим. Декабрь айында кайрадан жумушка чыксам, каттамдар аткарылбай, кызматкерлер акы төлөнбөөчү өргүүгө (без соддержание) чыгып, алардын саны да кыскарып кетиптир. Автобустар өткөн жылдан сентябрь айында 15 күндөй жумушка чыгып, жүргүнчүлөр жоктугунан улам чыгымга учурап, жумуш токтоптур. Азыркы тапты шаардык мэрия тарабынан каражат маселеси каралууда», - деди ал.

Мекеме жетекчиси автобазадагы автопаркты жаңылоого убакыт келгенин, автобустардын 70% ашыгы жарактан чыгып калганын айтты.

«2011-жылы Кытайдын колдоосунун негизинде өлкөгө «Ясин» деген үлгүдөгү жүргүнчү ташуучу автобустар берилген. Анын 15и биздин шаарга бөлүнгөн. Автобустар ошол жылдан бери шаардыктарга кызмат көрсөтүп келе жатат. Азыр 15 автобустун бешөө бузулуп, жарактан чыккан. Калган 10 автобус да эскилиги жеткендиктен айрым учурда жолдо бара жатканда бузулуп калып, эптеп оңдоп иштетип келе жатабыз.

Буга чейин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна автопаркты жаңылоо максатында долбоор жазганбыз, бирок жооп болгон жок. Акыркы учурда ушул маселеде калаа башчыга кайрылгам. Ал да донорлорду издеп жатат», - деди Жапаров.

Шаарда 24 орунга ылайыкташкан автобусда жүргүнчүлөр үчүн жол акысы 5 сомду түзөт. Жалал-Абад шаарында 110 миңден ашык адам жашайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости