www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин БМЖКККга Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында “А” аттуу жаран ири ѳлчѳмдѳ баңгизатын сактап жана сатып жүргѳндүгү тууралуу маалымат келип түшкѳндүгүн билдирген. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар 2024-жылдын 23-июль күнү Жалал-Абад ШИИБдин МЭЖне катталып КРнын КЖКнын 283-беренесинин негизгинде кылмыш иши козголгон.

Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ Жалал-Абад шаарынын аймагында ири ѳлчѳмдѳ бангизатын жасоо, сатуу менен алектенген “А” аттуу жарандын ѳздүгүн жана анын кылмыш тобунун ар бир мүчѳсүн аныктап, алардын кылмыш аракетине бѳгѳт койуу максатында бир нече атайын тергѳѳ амалдары жүргүзүлүп, натыйжада “А” аттуу жарандын ѳздүгү Жалал-Абад шаарынын тургуну чет мамлекеттин жараны 1995-жылы туулган Ю.Ф.М. экендиги такталып, ошондой эле ал ѳзү жашаган даректе аптекалык даары дармектердин аралашмасы менен бангизаттын психоактивдүү түрлѳрүн жасоо үчүн атайын лаборатория жана кылмыштуу топ уюштургандыгы тууралуу маалымат алынган. 

2024-жылдын 14-октябрь күнү кызматтык иттин жардамында Ф.Ю.М жарандын үйүндө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, ѳз ыктыяры менен 3 литрдик банкага салынган кескин жыты бар болжол менен марихуана бангизатын тапшырып берди. 

Андан сырткары тинтүү жүргүзүү учурунда Ю.Ф.М. үйүнүн батыш тарабында жайгашкан сарайынын ичинде 5 даана пакетке салынган кескин жыты бар болжол менен 3-4 кг болгон марихуана бангизаты жана 100 миллиграмдык 33 даана медициналык этил спиртинин бош бѳтѳлкѳлѳрү, ар кандай майда кѳлѳмдѳгү белгисиз суюктуктар, 1 литр кѳлѳмдѳгү желим бѳтѳлкѳгѳ куйулган спирт жыттанган суюктуктар, сода, электр плита, ичинде баңгизат калдыктары менен ар кандай кѳлѳмдѳгү темир идиштер, сита, баңгизат калдыктары менен 3 кайчы, 3 бычак, баңгизат колдонуу үчүн даярдалган атайын идиштер жана ошондой эле бангизат жасоо үчүн колдонулган ар кандай майда буюмдар алынды.

Ыкчам иликтѳѳ иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын аймагында акыл эске терс таасир этүүчү бангизат жасоо, ташуу, сатуу менен алектенген Ю.Ф.М. уюштурган мыйзамсыз лабораториянын жана кылмыштуу топтун кылмыш аракетине бѳгѳт коюлду.

Азыркы учурда Ф.Ю.М. үйүнѳн алынган заттар жана буюмдар боюнча туура юридикалык баа берүү үчүн атайын соттук химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости