www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунда диний кырдаалды чыңдоо жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө максатында бардык диний агымдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол форматындагы семинар өткөрүлдү.
Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара УКМК, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жана Кыргызстандын Муфтиятынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган.
Семинарга облустук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, казыяттын өкүлдөрү, ошондой эле православ, католик, баптист жана Жахабанын Күбөлөрү диний уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдо диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, светтик мамлекеттин принциптери, мыйзамды урматтоо, укуктук, санариптик жана медиа сабаттуулукту жогорулатуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле диний негизде чыр-чатактардын, кастыкты козутуунун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.