www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда коомдук жайларда рейд өтүүдө

Жалал-Абад облусунда "Эмгек өспүрүм" аталышындагы иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 13-август күнү Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлери социалдык адистер менен биргеликте коомдук жайларда, соода-сатык дүкөндөрдө, унаа жуучу жайларда жана оор жумуш менен алектенген жайларда, жайкы эс алуу учурунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулуктун жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында рейд жүргүзүштү.

"Иш-чаранын жүрүшүндө жумушка тартылган 10 өспүрүм аныкталды. Алар 16 жашка чейинки өспүрүмдөр. Аталган өспүрүмдөрдүн ата-энеси чакыртылып, алар менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү адистерге сунуштар жиберилмекчи. Ошондой эле лөлү тектүүлөр шаар тургундарына ыңгайсыз жаратып, тилемчилик кылып жүргөндөрү да аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости