www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Лебап облусу сыяктуу эле Мары облусунда да президент Гурбангулы Бердымухаммедов келер алдында ири масштабдагы даярдык жүрүүдө.

Өз булактар билдиргендей, түркмөн президентинин өлкөнүн чыгышына болгон сапары ушул айдын аягына пландалган. Бердымухаммедов аймактагы газотурбиналык электростанциянын ачылыш аземине катышат деп күтүлүүдө.

Жапырт ишембиликтер, жолдорду шашылыш оңдоо, көчө боюндагы мамыларды жана имараттарды актоо – мунун баары президенттин келерине болгон даярдык.

"Чаржоу районундагы заводго алып бара турган Мары-Түркмөнабад жолунун 10 чакырым тилкеси кайрадан асфальтталууда. Ал мурун эле жакшы абалда болчу. Эгер президент тик учак менен келсе, ал жолду асфальттоонун кандай кажети бар эле? Эмне үчүн алар он жылдап кароосуз калган шаардагы башка көчөлөрдү оңдошпойт?!", -деди райондун жашоочусу.

Чаржоу районунда түрк-жапон компаниялары курган газотурбиналык электростанциянын кубаттуулугу 423 мегаватт. Учурда ал тесттик түрдө старт алып, диспетчердик пункт ишке берилген.

Станциянын адистеринин айтымында, электростанция ички керектөөнү гана камсыздабастан, Ооганстан менен Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости