www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарья Маслова:

Жөө күлүк Дарья Маслова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы марафондо 36-орунду ээлеген. Ал 42 чакырым 195 метрди 2 саат 35 мүнөт 35 секундада чуркап өттү.

Маслова жалпы кыргыз элине колдоо үчүн ыраазычылык билдирип кайрылуу жасады.

"Негизинен Олимпиада ийгиликтүү өттү. Жакшы жыйынтык эмес, бирок машыктыруучум экөөбүз жыйынтыкка ыраазыбыз. Бирок мындан да жакшы жыйынтыкка жетебиз деп ойлогонбуз. Анткени менин даярдыгым жакшы болчу. 30 километрге чейин лидерлердин катарында жакшы чуркап бара жаткам. Андан кийин күн катуу ысып, буттарыма, бүтүндөй организмиме кыйынчылык жаралды.

Япон калкы абдан меймандос, достукка бекем, чынчыл калк. Токиодо мен телефонумду жоготуп алгам, аны үч күндөн кийин япондор таап мага алып келип беришти. Ал эми кийинки Олимпиада оюндарына катышамбы азырынча айта албайм. Кыргыз өлкөсү мени аябай колдогонуна нес болдум. Колдоо сөздөрү менен аябагандай көп билдирүүлөр келип жатты. Бардыгыңыздарга терең ыраазычылык. Ден- соолукта болгула жана сөзсүз спорт менен машыккыла", - деп билдирген Маслова.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости