www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги "Ынтымак" паркынан анча алыс эмес жерде төрт автоунаа кагышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдирди.

Окуя болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан унаалардын бири оодарылып кеткенин, экинчиси бакты сүзгөнүн көрүүгө болот.

Милициядан билдиргендей, окуя кечээ, 12-августта, саат 23:00дө болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Чыңгыз Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй бара жаткан Lexus 570 менен Ford Mondeo кагышкан. Анын кесепетинен Ford каршы тилкеге чыгып кетип Honda Fit менен сүзүшкөн. Ошол эле учурда Toyota Camry токтоп калган Lexus автосун каккан.

Жабыркаган эки адам болжол боюнча Ford үлгүсүндөгү машинада болгон.

Унаалардын бардыгы айып короого токтотулуп, териштирүү иши уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости