www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмамбет Шыкмаматов:

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов энеси Байтик баатырдын чөбөрөсү экенин жазып чыкты. 

--"Эне", ыйык... Мынча болду эми айтып берейин. (Энемдин арбагы ыраазы болсун). Энем мен үч жашка толгондо каза болгон экен. Элесин билбейм, бирок, өзүм жаратып алган образын, кыялымда, ой-толгоолорумда дайым элестетип жашап келем. Түшүмө кирет... Энем таза кандуу кыргыз кызы. Кадимки Байтик баатырдын чөбөрөсү.  Байтиктен Байсал, Байсалдан Ахат, Ахаттан Майрам. Менин энем Майрам. Репрессиян азабынан Суусамырда, Таабалды таякесинин колунда чоңойгон экен.

Авторго капачылыгым жок. Бул анын жан дүйнөсүнүн, адамдык касиетинин күзгүсү. Бул көрүнүш анын жеке трагедиясы", - дейт министр. 

Кошумчалай кетсек, социалдык тармактын колдонуучусу Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовдун апасын калмак кызы экенин айтып, сындап жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости