www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Күрөш боюнча федерациясы Токиодо өткөн Олимп оюндарынан кийин атайын билдирүү таратты. Федерация мамлекет тарабынан балбандарга жетиштүү көңүл бурулбай жатканын билдирген.

"Кыргызстан балбандардан алтын күттү. Бирок бул үчүн эмне жасады?", - деп суроо салган федерация.

Билдирүүдө кыргызстандык балбандардын спорт комплекси, машыгуучу жайы жок экени, курама команда жеке залдарды ижарага алып машыгып жатканы айтылат.

Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында спорт интернаты салынган эмес.

Федерация машыктыруучулардын айлыгы аз экенин, кадеттер турнирлерге барыш үчүн демөөрчү издөөгө мажбур экенин белгилеген.

Ошондой эле, Олимп оюндарында 5-7-орунду алган спортчулар үчүн сыйлыктар алынып салынганына нааразычылыгын билдирип, коло байге үчүн күч сынашып утулуп калган Айпери Медет кызы татыктуу күрөшүп, дүйнөдө бешинчи болгонун айткан.

Федерация тараткан билдирүүгө ылайык Олимпиадага узаткан салтанаттуу аземге балбандар башында чакырылбай калган.

Эл аралык деңгээлдеги чемпионаттарды өткөрүү үчүн Кыргызстанда стандартка жооп берген спорт сарайы жок экени, 2018-жылы Бишкекте өткөрүлгөн күрөш боюнча дүйнө чемпионаты үчүн ири өлчөмдө айып салынганы айтылат.

Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышып, 3 спортчу ийгилик жаратты. Балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медал алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости