www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында жүргүнчү ташып кызмат көрсөткөн таксисттерге жол акысын жогорулатпоо боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге жол кайгуул кызматынын, монополияны жөнгө салуу агенттигинин, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, муниципалдык менчик башкармалыгынын, салык кызматынын, шаардык мэриянын өкүлдөрү чыкты.

Тийиштүү тармактар бааны жогорулатпоо талабын коюп, патент менен иштөөнү эскертишти.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым жарандар тарабынан такси кызматтары жол акысын кымбаттатып алганы айтылган. Буга ылайык шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев жооптуу мекемелердин жетекчилерине жагдайды жөнгө салуу боюнча сунуш көтөргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости