www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда 1-майдан тарта ишин жанданткан ишканаларга рейд жүргүзүлүп, натыйжада санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган 10 ишкана кайра жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-май күнү шаардын мэри Мураталы Тагаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тийиштүү адистер менен биргеликте топ-топко бөлүнүп, ишкердик субъектилерди кыдырышкан. Натыйжада унаа тетиктерин саткан дүкөндөрдө, айрым сулуулук салондорунда милдеттүү болгон санитардык нормалар эске алынбаганы такталган. Буга байланыштуу алар кайрадан жабылды.
Эске сала кетсек, 1-майдан тарта шаардагы 80дей мекеме, ишканага жумушун улантууга уруксат берилген.
Булак: NazarNews.kg