www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.
Милициянын билдирүүсүнө караганда, Жалал-Абад ОИИБисине Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 17-январында Сузак районунда жайгашкан устаканасына “Баха” аттуу жаран келип, колундагы бычагы менен мойнуна такап, балка менен бутуна, кабыргасына уруп “100 миң сом акчаны коюп кой” деп коркуткандыгын билдирген.
Аталган факты Жалал-Абад облустук милициясынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелген жаран кармалган. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, Сузак районундагы өзбек диаспорасынын кылмыш чөйрөсүндөгү лидери (положенец), “Пахир Калла” каймана аттуу Б.Б., болуп чыккан.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал мурда адам өлтүрүү жана башка бир нече беренелер менен соттолгондугу белгилүү болгон.
Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 2022-жылдын 5-февралында шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы бүгүн Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.