www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Ильичтин аялы Сталинди жактырбаганын бардыгы билет. Ленинди Иосиф Виссарионовичке каршы тукурган да дал Надежда Константиновна экен деген кеп бар. Бирок, мындай душмандык мамиленин түпкү себеби эмнеде?

Керек болсо сени да киргизбей коёбуз!

Феликс Чуевдин «Молотов менен 140 маек» аттуу китебинде СССРдин тышкы иштер министри Вячеслав Молотов Надежда Крупская менен Иосиф Сталиндин ортосундагы кастык Ленин ооруп жаткан мезгилде пайда болгонун айтат. Врачтар абалы оор болгондугуна байланыштуу Ильичке кишилердин кирүүсүнө тыюу салышкан.

Сталин жетектеген катчылыктын чечимине ылайык, Григорий Зиновьев менен Лев Каменевгеда лидер менен жолугушууга уруксат берилген эмес. Алар болсо Надежда Константиновнага арыздануудан башка айла таппай калышат.

Крупская Иосиф Виссарионовичке кайрылып, Ленин өзү Зиновьев менен Каменевди көргүсү келгенин билдиргенде, Сталин «эгер Борбордук Комитет ошондой чечсе, биз сизди да киргизбей коюшубуз мүмкүн!» деп жооп берет.

Сталин деги эле Крупскаянын ишмердүүлүгүнө кыжыры келип жүрчү. «Надежда Константиновнанын алдында көшөкөрлөнүп, «төрт буттап басууга» милдетүү эмесмин» деп эсептечү. «Ал (Крупская) Ленин менен бир ажатканага барганы үчүн эле мен аны Лениндей баалап, сыйлашым керекпи?» деген бир жолу Молотовго.

Кээ бир адамдар Лениндин Иосиф Виссарионовичтин оройлугу жөнүндө каты Крупскаянын сунушу боюнча жазылган деп жүрүшөт.

«Ыйлап, жерге тоголонуп...»

Сталиндин айтымында, Ленин Курпскаянын тилине кирип, тышкы сооданын монополиясы боюнча Троцкийдин позициясын колдогон. Надежда Константиновна Троцкийге бир катты өзү диктовка кылып жаздыртканда, анын мазмуну Иосиф Виссарионовичке билинип калат.

Ильичтин эжеси Мария Ульянованын айтымында, Сталин Крупскаяга телефон чалып, өтө орой түрдө тилдеп салганда, Надежда айым жүрөгүн мыкчып жыгылат. Каменевге даттанып, партиянын катарында жүрген 30 жылдын ичинде өзүнүн дарегине мындай орой сөздү бир да жолу укпаганын айтат.

Тарыхчы Борис Соколовдун айтымын да, сак, этият Каменев бул ишти жең ичинен жайгарып, Сталинди урушкан эмес. Бирок бул окуя Ленинге аябай жаман таасир калтырып, Сталинден аялынан кечирим суроону талап кылган. Бул Крупская менен Сталиндин ортосундагы кастык мамилелердин себебин түшүндүргөн дагы бир версия.

«Башкы партиялык милдет аял - болуу»

Эл комиссарынын уулу «Серго Берия «Менин атам Берия» деген китебинде Крупская менен Сталиндин ортосундагы кастык эмнеден улам келип чыккандыгы тууралуу Сталиндин өзүнүн айтканын келтирет.

Серго Бериянын жазганына караганда, бул окуя Ленин ооруганга чейин болгон экен. Надежда Константиновна «Ильич секретариаттан бир да кыз койбоду, баары менен жатты» деп Сталинге арызданган имиш.

Крупская жолдошунун жүрүм-туруму жалпы бийликке көлөкө түшүргөндүктөн, Борбордук Комитеттен чара көрүүнү суранат.

Көп өтпөй Крупская өзү, Владимир Ильич да катышкан Борбордук Комитеттин кезексиз жыйыны болуп, анын күн тартибине лидердин «жоруктары» жөнүндөгү маселе коюлат. Жыйынга катышкандардын баары каткырып күлүшүп, Ленин болсо аларды алаңдап карап отурат.

Сталиндин айтымында, кеңешме Владимир Ильич «кыйшайып, солго кетип койгону» үчүн күнөөлүү, бирок Крупская андан бетер күнөөлүү. Себеби, «...өзүнө өтө көп партиялык милдеттерди алып алып, өзүнүн жубайлык милдетин аткара албай жатат» деген тыянакка келет.

Натыйжада Надежда Константиновна бардык тапшырмалардан бошотулсун, анын «негизги партиялык милдети-Владимир Ильичтин жубайы болуу жана өзүнүн үй бүлөлүк милдетин аткаруу» деген чечим кабыл алынат.

Крупская эшикти «тарс» жаап, залдан чыгып кетет. Лаврентий Бериянын айтымында, дал ушул окуядан кийин Надежда Константиновна Сталинди жек көрүп калган.

Булак: Азия News гезити

Последние новости