www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда бир ай ичинде реформа жасоо зарыл. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы тез жардам ооруканасын уюштуруу процесси өлкөдө жазгы талаа иштери башталганга чейин жүргүзүлүшү керек.

“Биз Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жамаатына жаңы жетекчини тааныштыра алган жокпуз, ошондуктан мен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылып, ал өзү жеке жаңы жетекчини жамаатка тааныштыруусун өтүндүм.

Жаңы жетекчи Гулия Кожакматова менен Сабырбек Жумабековдун ортосунда тирешүү жүрүүдө. Буга байланыштуу мен жаңы жетекчиге Саламаттык сактоо министрлигинде отуруп эле оорукананы кайра түзүүнү тапшырдым”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости