www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада 18 миң ирет жол эрежеси бузулду

Кыргызстанда акыркы жумада жол эрежеси бузулган 18 032 учур аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

ЖКККББ кызматкерлери жума сайын жол кырсыктарын жана жол эрежелеринин одоно бузулушун алдын алуу максатында рейддик иш-чараларды өткөрүп келет.

Айдоочулар жума ичинде бузган эрежелер:

ылдамдыкты ашыра айдагандар — 2 080;

тиешелүү документтерсиз унаа айдагандар — 206;

ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузгандар — 6752;

ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандар —16;

жөө адамдардын жолдо жүрүү эрежелерин бузушу — 459;

ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизгендер — 144;

жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар — 7 625;

айнектери караңгылатылган унааны башкаргандар — 66;

мас болуп машина айдагандар — 252;

айып короого токтотулган унаалар — 908.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин эстен чыгарбоону өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости