www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда супермаркетке келген жергиликтүү тургундар коронавирустан улам дүкөндүн ичинде камалып калышты.

Маалыматка караганда, дүкөнгө келгендердин биринен вирус табылган. Окуяга күбө болгондор супермаркеттин ичинен тартылган видеону социалдык тармактарга жайгаштырышкан. Карантинге алынган кардарлар соода борборунун ичинде уктап, ошол жерден тамактанып, дааратканага барууга аргасыз болушкан. 

Буга чейин Кытайда ушундай эле жагдайга кеңсе имаратынын кызматкерлери туш болушкан. Алар кызматкерлердин биринен коронавирус аныкталгандан кийин имараттын ичинде карантинге алынган.

Белгилей кетсек, Кытайда кышкы Олимпиада оюндарынын башталышына байланыштуу катуу чектөө чаралары киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости