www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абаддагы заводдо жарылуудан жабыркаган эки адамдын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуядан жалпысынан үч адам оор жаракат алган. Алардын бирөө денесинин 35-40 пайызын күйүк алган, анын абалы туруктуу.
«Заводдогу жарылуунун эртеси оор жаракат алган эки адам Ош облустук бириккен ооруканасынын күйүк бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Аларга бардык зарыл болгон дарылоо жүргүзүлүүдө. Маал-маалы менен жабырлануучулардын дене табы көтөрүлүүдө. Бир бейтаптын денеси 70-75 пайыз, экинчисиники 50-55 пайыз күйгөн. Алар абалы бир аз жакшырганы байкалууда», - деп айтылат маалыматта
Эскерте кетсек, 29-майда Жалал-Абаддагы металл иштетүүчү заводдо меш жарылган.
Булак: NazarNews.kg