www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-сентябрда Жалал-Абад шаардык мэриясы жана президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Баткенге жардам берүү штабы түзүлдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, жергиликтүү бийлик жана шаардагы ишкерлер тарабынан 5 тонна өсүмдүк майы, 5 тонна ун, 3 тонна гүрүч, 3 тонна макарон, 2 тонна кумшекер, 4 миң 640 даана нан, 400 блок ичүүчү суу жыйналып, ӨКМдин жардамында Баткен облусуна жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, жардам берүүнү каалагандар үчүн Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында жардамдарды кабыл алуу жайы уюштурулду. Ошондой эле Баткен элине жардам берүүнү каалагандар үчүн банк эсептери ачылды.

Кошумча маалымат үчүн тел: 0554115000, 0772500050

КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну толук токтотуу жана окуяны деэскалациялоо үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашканы тууралуу маалымдалган.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы тогуз адам жабыркады: алты аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм).

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 42 кыргызстандык жабыркады.

УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости