www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунан келген делегат Эрмамат Кожокматов “Элдик Кеңеш” коомдук уюмун түзүүнү сунуштады. Ал өзүнүн мындай сунушун бүгүн, 26-ноябрда өтүп жаткан улуттук курултайда билдирди.
Анын айтымында, уюм коом арасында тарбия жана билим берүүнү агитациялоого жардам берет. Юстиция министрлигинен өткөн, мыйзамдуу актысы бар уюм тууралуу устав иштеп чыккан. Бул уюм ар бир айылда болушу керек, деп эсептейт Кожокматов.
Делегат сот бийлигинин темасына да токтолду. Анын айтымында, күнөөсүздөр жапа чеккен прокурорлор менен соттор жазаланбай жатат. Ал белгилегендей, буга чейин алар бул үчүн ээлеген кызматынан четтетилген.
Кожокматов ошондой эле жүрөккө стент коюунун баасын жөнгө салып, жада калса бекер кылуу керектигин айтты.
Булак: NazarNews.kg