www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура электр энергиясына болгон дебитордук карыздын мыйзамсыз жоюлганына байланыштуу "Жалалаба-Электронун" жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөлдөөчү орган 2015-2021-жылдар аралыгында аталган ишкана жалпы көлөмү 114 миллион сомго жакын карызды негизсиз жойгонун билдирди.

"Бул кылмышка шек саналып ишкананын мурдагы жетекчиси М.К.А. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергеп-иликтөө уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Бул ишкананы 2019-жылга чейин Маматканов Кеңешбек Апсалиевич жетектеген. "Жалалабатэлектро" облустагы 232 миңге жакын кардарга кызмат көрсөтөт жана анда 1,5 миңден ашык адам иштейт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости