www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалдагы трагедия: Шектүү 2 айга камалды

Ленин райондук соту 6-апрелде өзүн өлтүрүүгө жеткирди деп шектелген жаранды 2 айга камакка алды. Бул тууралуу 7-апрелде Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Тактап айтканда, 1992-жылы туулган А.М.А. 4-июнга чейин №21 тергөө абагына (1-абак) киргизилди.

Каргаша 4-апрелде Жал кичи районунда болгон. Саат 17:10 чамасында 6-кабаттын терезесинен 1999-жылы туулган Э.А. жана анын эки баласы кулап кеткен. Келин жеринде каза болуп, 2025-жылы туулган К.А. ооруканада жан берген, ал эми 2021-жылы туулган Ж.А. жандандыруу бөлүмүндө.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча катталып, маркумдун күйөөсү кармалган.

Последние новости