www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус бийлиги жалпы мобилизация эмес, тымызын мобилизация жүргүзүп жатат. Мындай пикирин эл депутаты, Украинанын Жогорку Радасынын Улуттук коопсуздук, коргоо жана чалгындоо комитетинин мүчөсү Федор Вениславский билдирди. «Ачык мобилизация, жалпы мобилизация болбойт, тымызын мобилизация болот. Жалданма жоокерлер жеке аскер түзүмдөрүнө тартылат. Бирок алар абалды көрүп, түшүнүп турса да акча үчүн согушууга даяр болууда. Бирок алар өздөрүнө убада кылынган акчанын аздыгана нааразы», - деди ал.

Вениславскийдин айтымында, жалданма аскерлер аларды эмне күтүп турганын жакшы билет жана «Украина менен согушууга эрксизден барууда». Эл өкүлү Россия Федерациясында тымызын мобилизация биринчи кезекте кадрлар чыгашасын тымызын толтуруу максатында жүргүзүлүп жатканын түшүндүрдү.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости