www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3 миллиард сом кыргыз бюджетти үчүн өтө чоң сумма. Минкаб Жапаровдун айтуусунда «Кумтор Голд Компани» ишканасы республикалык бюджеттин 2020-жылдагы киреше бөлүгүнө 9 млрд 618,7 млн сом кусса, 2021-жылдын 11 айында 6 млрд 998,8 млн сом гана төлөгөн. Дээрлик 3 млрд сом каякка кеткени белгисиз. Кумтөрдө  бардыгы жакшы эле, геологиялык чалгындоолордон улам 12 ай ичинде жакшы алтынга  жетише алды. Азыр ал жерде 1,5 тонна эң мыкты сапаттагы алтын алынып жатат. Азыр Кумтөр геологиялык чылгандоого 4 пайыз акчасын коротуп жатат. Бул пайыздан бюджетке акча түшүп туруш керек, бирок бул акчалар түшпөгөнү айкындалды. Бул акчалар бюджетке эмне үчүн түшпөй жатат?

Аскар Акаев Кумтөр иштери боюнча УКМКда тергөө берген соң Жапаровдун кээ бир түшүнүксүз окуялары ачыкка чыкты.  «Камеко» жана «Центерра Голд Инк» экөөнүн сунушун карап чыкканда,  көпчүлүктүн пикири боюнча реструктуризациянын жана Кыргызстандын «Центерра Голд Инк» компаниясына акционер катары киришинин натыйжасында республиканын үлүшү 80%дан кем эмес болушу керек эле. Бул Кумтөр кениндеги реалдуу запастар жана аны иштетүүнүн күтүлгөн кирешесинен улам болгон.

Бирок, маселе эбак чечилип, жумушчу топтун презентациялары жана ишмердиги формалдуу эле болгону көрүнүп турган. Президенттин жарлыгы менен бул  топтун курамына ал кездеги экинчи чакырылыштагы парламенттин депутаты Акылбек Жапаров кирген. Парламенттин депутаттарынын демилгеси боюнча, «Центерра Голд Инкти» түзүүгө түздөн-түз тыюу салуу тууралуу маанилүү документтер кабыл алынган. Парламенттин биринчи токтомунда бул компанияны түзүү максатсыз экени, экинчисинде компанияны парламенттин гана макулдугу менен түзүүгө болоору так жазылган. Буга карабастан, 2003-жылдын 31-декабрында өкмөттүн жыйынында Макулдашуу кабыл алынган.

2005-2006-жылдары Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп калган. Ошол кезде комиссиянын башка мүчөлөрү менен ал 2003-жылдын 31-декабрында чынында өкмөттүн жыйыны болбогонун, ал эми «Центерра Голд Инк» түзүү чечими сурамжылоо жолу менен жасалганын, бул мыйзамдарды одоно бузуу болуп эсептелерин далилдей алган. Мындан тышкары, өкмөт компанияны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырган имиш мезгилинде жаңы компаниянын пайда болушуна тоскоол эткен мыйзам чыгаруу кеңешинин эки токтому бар эле.

Буга карабастан, 2004-жылдын 4-январында ошол кездеги юстиция министри Курманбек Осмонов бул компаниянын түзүүсүнө тыюу салган бир дагы нормативдик-укуктук акт жок экенин билдирген. Ушундай шарттарда Кыргызстан 33% үлүшкө ээ болгон «Центерра Голд Инк» түзүлгөн.

Кызыгы, компаниянын Торонтонун фондулук рыногуна чыгуусунун алгачкы эле күнү өлкөнүн жетекчилиги 84 млн АКШ долларга акциянын бир бөлүгүн сатып жиберүү чечимин кабыл алган. Ошентип, республика компаниядагы 15% акцияга гана ээлик кылып калган.

2006-жылы канадалыктар менен кайрадан Кыргызстандын «Центерра Голд Инкте» болгон үлүшүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр башталган. Кыргызстан үчүн пайдалуурак шарттарды түзүү аракетин ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Данияр Усенов көргөн. Ал акциялар пакетин 6.5%га көбөйтүүгө жана бюджетке 20 млн АКШ долларын төгүүгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок жаңы шарттарды колдогон өкмөт мүчөлөрүнүн добуштары жетпей калган. Ошондо канадалыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү кайрадан КР финансы министринин кызматын ээлеп турган Акылбек Жапаровго тапшырышкан.

Ал Кыргызстанга «Центерра Голд Инкте» 33% гана акциялардын берилиши адилетсиз болгонун далилдей алганын белгилеп кетүү керек. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ошол кезде дагы 53% акцияларга ээ болгон «Камеко», КРге 17% баалуу кагаздарды өткөрүп берүү ниетин билдирди. Бирок бул дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн талаптарына жооп берген эмес.

Мындан ары кызматташуунун 4 жолу сунушталган, болбосо «Центерра Голд Инк.» менен бардык макулдашуулар жокко чыгарылмак. Кыргызстандын компаниядагы үлүшүн 52%дан 67%га чейин жогорулатуу, компаниянын дүң кирешесинен 12% өлчөмдө салык салынып, ал жыл сайын улам 1 пайызга көбөйтүлүп, 14%га чейин жеткирүү жана материалдык-сырье базасына 4 пайыздык салык киргизүү шарттары коюлду.

Жапаров КРдин үлүшүн 52%га чейин жогорулатуу боюнча сүйлөшүүгө жетишкен. Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын парламенттин отурумунда айтып берүүгө даярданып жаткан. Бирок презентация болор күнү көпчүлүк коалициясы чогулбай койгон. Жыйын башка күнгө жылдырылып, бирок парламенттин өзүн өзү таратып ийгенине байланыштуу ошо бойдон болбой калган. Жапаровду финансы министри кызматынан алышып, экономикалык өнүгүү жана соода-сатык министри кылып дайындашкан, бирок эң башкысы Кумтөр боюнча бардык андан аркы сүйлөшүүлөрдөн четтетишкен.

Кийинки эки жыл ичинде канадецтер менен сүйлөшүүлөрдү Максим Бакиев жана Алексей Елисеев көзөмөлдөшкөн. Натыйжада, Кыргызстан «Камекодон» кошумча 17% алып, Жапаров жетишкен компаниянын дүң кирешесинен 12% өлчөмдө салык салуу жана материалдык-сырье базасына 4 пайыздык салык киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү сактоого мүмкүн болду.

Кыргызстан жана «Центерра Голд Инк» ортосундагы дал ушул жана башка макулдашууларды аткарууга акыркы жумаларда мамлекеттик комиссиянын иши багытталган. Текшерүүнүн жыйынтыктары азырынча ачыкка чыгарыла элек, бирок комиссия мүчөлөрү «Кумтөр Голд Компанинин» ишиндеги көптөгөн салыктык жана экологиялык бузууларды таба алышканы коомчулукка ачыкталып жатат.

Мамкомиссиянын курамын Акылбек Жапаров жетектегени да кызык. Бул жолу ага тоскоол кылышпаса, ал ишти аягына чейин чыгарып, Кыргызстандын «Центерра Голд Инк» менен болгон кызматташуусундагы тарыхый адилеттикти орното алат деп ишенели.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости