www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкеримин деп өзүн тааныштырган жаран жасалма документтерди колдонуп, айып короодон автоунааларды чыгарууга жардам берем деп алдамчылык кылган деген шек менен кармалды.

ИИМдин маалыматына ылайык, Ички иликтөө кызматына К.У.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда өзүн Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкеримин деп тааныштырган белгисиз адам ишенимге кирип, автоунааны айып короодон чыгарып берүүнү убадалап, 60 миң сом алып, анын ордуна жасалма документ тапшырганы айтылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголду.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери мурда соттолгон, 1992-жылы туулган К.У.М. аттуу жаранды кармашкан.

Шектүүнүн жашаган жерине жүргүзүлгөн санкцияланган тинтүүдө Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгы тарабынан берилгендей жасалмаланган, айып короодон транспорт каражаттарын алууга укук берүүчү маалымкаттардын бланктары табылып, алынган.

Учурда тергөө улантылып, кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Последние новости