www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Кыргыз Маданиятында опол тоодой орду бар актриса катуу оорудан 16-февралга караган түнү каза болгон.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Москвадагы полиграф институтунун 3-курсун бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз академиялык драма театрына актриса болуп кирген. Театрда иштеген көп жылдар аралыгында чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев тарткан кинофильмдерде ролдорду аткарган.

Мамлекеттик Токтогул атындагы, эл аралык "Руханият" сыйлыктарынын ээси. Египет, Колумбия, Германия сыяктуу өлкөлөрдө өткөн эл аралык фестивалдарга катышкан. Бүткүл дүйнөдөгү түрк тилиндеги өлкөлөрдүн Башкортостанда өткөн эл аралык фестивалында Гран-прини жеңип алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости