www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында уурулукка шектелген чет өлкөлүк жарандар кармалганын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 14-февралга карган түнү болгон.

“7-апрель көчөсүндө Пакистандын 2 жараны мекендештерине кол салышкан. Алар жабырлануучулардын биринен 1000 доллар, экинчисинен 3000 доллар акчасын тартып алышкан. Жабырлануучулар милиция кызматкерлерине кийинки күнү кайрылды.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан көп узабай 2001-жылы туулган Ш.А., 2000-жылы туулган И.А., 1996-жылы туулган Р.Х., И.Р. жана 1987-жылы туулган А.Н. кармалды. Баары Пакистандын жарандары”, – деп айтылат билдирүүдө.

Шектүүлөр камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости