www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр май айында дамбасын суу жырып кеткен Өзбекстандагы Сардаба суу сактагычы кайра калыбына келтирилет. Бул тууралуу Дарё.уз сайты өлкөнүн Курулуш министрлигинин өкүлү Насрулло Бобоевге шилтеме кылып билдирди.

Анын айтымында, бул максатта ири инженердик-изилдөө иштери башталып, лабораториялык анализдер жүргүзүлүүдө.

«Суу сактагычты реконструкциялоо уюму долбоорлоо жана смета боюнча документтерди даярдап, анын алкагында калыбына келтирүү иштерин эки баскычта жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Азыр курулуш иштеринин мөөнөтүн айта албайм, анткени ал коомчулукка жарыяланбаган токтомдо көрсөтүлгөн», — деди Бобоев.

Ал илимий-изилдөө иштерине чет өлкөлүк изилдөө борборлору да тартылганын кошумчалады.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычынын дамбасы 2020-жылы 1-майда жырылып кетип, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миңдей киши шашылыш коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Суу Казакстандын Түркстан облусунун бир канча айылына да жетип, 10 миңден ашуун адам үй жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 900гө жакын үй жашоого жараксыз деп табылып, 5624 гектар эгин аянты суунун астында калган. Казакстан жалпысынан келтирилген зыяндын көлөмү 950 миң доллар болгонун эсептеп чыккан.

Былтыр декабрда Ташкент шаардык сотунда Сарбада иши боюнча айыпталып жаткан 17 кишиге карата жабык сот жараяны башталган. Айыптоо корутундусунда суу сактагычтагы кырсыктан улам мамлекетке 45 миллиард сум (болжол менен 4 280 000 доллар) зыян келгени жазылган.

2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган Сардаба суу сактагычынын курулушуна жалпысынан 1,2 триллион сум (азыркы курс боюнча 114 миллион доллар) жумшалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости