www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Безос кайрадан дүйнөдөгү эң бай адам болуп аталды

Bloomberg агенттигинин версиясы боюнча "Amazon" корпорациясынын башчысы Жефф Безос Илон Маскты ашып өтүп кайрадан дүйнөдөгү эң бай адам аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, агенттиктин эсептөөсү боюнча, шейшемби күнү биржалык соодалоонун жыйынтыгы боюнча Безостун активдеринин жалпы наркы 372 миллион долларга төмөндөп, 191 миллиард долларды түзгөн. Тесланын акцияларынын төмөндөшүнөн улам Масктын байлыгы 4,5 миллиард долларга төмөндөп, 190 миллиард долларга жеткен. Бул демек, Bloomberg агенттиги түзгөн дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде Безос кайрадан биринчи орунду ээледи, ал эми Mаск экинчи орунда турат.

Тизмедеги үчүнчү орунда азыр Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс турат. Анын байлыгы 137 миллиард долларга бааланган. Көрсөтүлгөн рейтингде Маск ушул жылдын 7-январында Amazon жетекчисин ашып, биринчиликти алган. Андан кийин Безостун активдеринин жалпы баасы 187 миллиард долларга, Масктыкы 188,5 миллиард долларга бааланган. Буга чейин Безос Bloombergдин болжолуна ылайык, үч жыл катары менен дүйнөдөгү эң бай адам аталган.

Агенттик түзгөн дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтинги АКШдагы биржалык соодалоонун жыйынтыгы боюнча күн сайын жаңыланып турат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 


 

Последние новости