www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлүмгө кептеген дарттын белгиси аталды

Жыныс безинде залалдуу шишик болгон учурда сперма бөлүп чыгарууда ыңгайсыздык жаралып, заара кылуу да көйгөй болуп калаары айтылды.

Буттун үстүнкү бөлүгү жана кыр арка сөөктүн оорутушу — эркектин жыныс безиндеги рактын өрчүп келе жатканынан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу Express басылмасы Британиянын простатит рагына каршы фондунун маалыматтарына таянып кабарлады.

Адистер бул белгилер байкалган учурда убакытты созбой дарыгерге көрүнүп, изилдөөдөн өтүшү керектигин эскертишкен.

"Мындан сырткары, жыныс безинде залалдуу шишик болгон учурда сперма бөлүп чыгарууда ыңгайсыздык жаралып, заара кылуу да көйгөй болуп калат. Мындан сырткары, бел суу кан аралаш чыга баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Рактын мындай түрү эркектер арасында көбүрөөк тараган илдет экени айтылды. Буга чейин британиялык окумуштуулар адамдын өңүнүн кубарып кетүүсү ичеги рагынын өрчүп жатканынан кабар бериши мүмкүн экенин айтышкан.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости