www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги илимий изилдөө дыйканчылык институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү Жамин Акималиев бүгүнкү митинг тууралуу пикирин айтты.

-- Жамин агай, активисттер парламенттин кетишин талап кылып чыгышып, бирок элдин көңүлүн президентти сындоого буруп жатышат. Жеңиш Молдокматовдун “Садыр Жапаровду бийликти узурпациялап алды деп доомат койгону, сотко берем дегени орундуу элеби?

-- Жеңиш Молдокматовдун бул аракети акылга сыйбаган иш. Саясий күрөш болсун, бирок аны алып барууда мындай ыкмалар ишке ашпайт. Анткени, биринчиден Садыр Жапаров шайлоочулардын 79%ы менен Президент болгон, элдин ишеними жогору. Экинчиден, азыркы учурда Садыр Жапаров 2010-жылы кабыл алынган Парламенттик Конституция менен иштеп жатат. Үчүнчүдөн, анын Мамлекеттин башчысы болуп жумушка киришкенине 1,5 ай толо элек. Анан кайдагы узурпацияны айтып жатышат? Сотко берүү ар бир атуулдун укугу, бирок сот деле өзүнүн чечимин Мыйзам алкагында кабыл алат деп ойлоймун.

-- Кабыл алына элек Конституция негедир сынга кабылды. Жаңы конституцияда чындап эле бийлик узурпацияланып жатабы?

-- Конституциянын жаңы долбооруна ылайык бийлик узурпацияланбайт. Тескерисинче бийликтин, так айтканда Президенттин жеке жоопкерчилиги эбегейсиз күчөйт. Садыр Жапаров, эгерде жаңы Конституция референдумда жактырылса, жалпы мамлекет үчүн дагы жана Өкмөт үчүн да керт башы менен жооп берет. Мурдагыдай "ит итти жумшап, ит куйругун жумшабайт". Мунун эмнеси жаман?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости