www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улут аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан Даниель Ажиев өзүнүн өтүнүчүнө байланыштуу бир кишилик камерада олтурат. Бул тууралуу ЖАМКнын маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Ажиев тарабынан СИЗО-1дин администрациясына, ошондой эле ден соолугу боюнча эч кандай даттануулар болгон эмес.

“Даниель Ажиевдин адвокатынын "өзгөчө кырдаалдар учурунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын эрежелерине байланыштуу соттолуучуну Биринчи Май райондук сотуна алып келбей жатышат" деген сөздөрү чындыкка коошпойт. Анын иши боюнча дагы деле тергөө жүрүп жатат, иш сотко өткөрүп бериле элек”, - деп айтылат Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматында.

 Мекеме камактагы кишинин сабалгандыгы тууралуу маалыматты ырастаган да,  төгүндөгөн да жок.

Эске салсак, Даниель Ажиев өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин 7 облуска 7 миллион сом берээрин билдирип, Чүй облусундагы муктаждарга гуманитардык жардам тараткан. Социалдык тармактардын колдонуучулары аны вебкам моделдик студиясынын уюштуруучусу экенин айтышып, кескин сынга алышкандан   кийин Ажиев кыргызстандыктарды сөккөн эле.

Булак: NazarNews.org

Последние новости