www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кайрадан операция болгону тууралуу маалыматты четке какты.

Сатыбалдиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып, бир апта мурун №47 абакка кайтканын ЖАМКнын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 20-сентябрда «Азаттыкка» билдирген.

Белгилей кетсек, экс-премьер-министр аталган ооруканага сенябрдын башында жаткан. Айрым маалымат каражаттары ал омурткасынан операция болгонун жазышкан.

Эске салсак, Жантөрө Сатыбалдиев 2020-жылдын ноябрында жүрөгүнөн операция болуп, стенд койдурган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияга айыпталып, жети жарым жылга камалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости