www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулду. Анда эл өкүлү Жанар Акаев кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяны көтөрдү.

Жанар Акаевдин айтымында, Тажикстан мындай кылмыш үчүн эл аралык сотто жооп берүүгө тийиш.

«Кечээ президент Садыр Жапаров БУУнун башкы ассамблеясында Тажикстандын агрессиясы тууралуу айтып, тынч жаткан кыргыз элине кол салганын билдирди. Ал эми тышкы иштер министрлиги да дал ушундай өңүттөгү билдирүүнүн таратты.

Жыл сайын ушунтип ондогон жарандарыбыз өлүп кетпеши үчүн биз аларды экинчи мындай кол салууга барбай тургандай кылышыбыз керек.

Баарыңыздар билгендей эл аралык кылмыш соту бар, Рим статусу деп аталат. Ага Тажикстан мүчө, бирок, Кыргызстандан ушул күнгө чейин мүчө эмес. Ал жерде так жазылып турат: эгерде аскерий кылмыш, агерссия жасаса, ал мамлекет эл аралык сотто жооп бериши керек. Бизге кол салып, жай тургундарга ок чыгарган диктаторлор эл аралык сотто жооп берүүгө тийиш. Ошондуктан Кыргызстан да Рим статусуна мүчө болуш керек», - деди депутат Акаев.

Эске салсак, Тажикстан кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрада ок чыгарган.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Тажикстандын кол салуусунан чек арада жабыркагандардын саны 198ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости