www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир партия административдик ресурсту колдонсо, башкалары ага каржылык ресурсу менен каршы турат. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте билдирди.

ЖКнын отурумунда депутаттар бир мандаттуу шайлоо округунун чек араларынын өзгөртүлүшү мыйзам бузууга жатарын айтып, БШКнын жетекчилигин маалымат берүүгө чакырган.

Жыйында депутат Жанар Акаев быйыл да былтыркыдай болуп бийлик колдогон эки партия куралып жатканын айтып, мындан улам президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, алардын аракетине бөгөт коюуга чакырды.

«Туура айтасыз, эгер административдик ресурска бай партия шайлоодо ишин активдүү жүргүзсө, ага тийиштүү деңгээлде атаандаштык кылуу үчүн айрым партиялар финансылык ресурсту колдонот. Алдыдагы шайлоодо мындай тобокелчилик болбошу үчүн бул маселени талкууладык.

Президенттин толук түшүнүгү бар, андай болтурбайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышкан партиялар да тең атаандаштык кылуу үчүн административдик ресурска финансылык ресурс каршы турат деп айтышкан. Азыр ошондой көрүнүштөр болуп жатат, мындайды түп-тамырынан жоюшубуз керек», — деди Шайлдабекова.

Ошондой эле парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабды Коопсуздук кеңешинин катчысы жетектегени да мыйзамдуулукту сактоого кепил болорун кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости