www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Референдум жөнүндө мыйзам долбооруна кечээ добуш берилгенде өтпөйт болчу», - деп бүгүн, 11-мартта депутат Жанар Акаев журналисттерге билдирди.

Жанар Акаев аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берди.

«Жогорку Кеңештин депутаттары ар бир сессияда ушундай катышып, ушундай иштесе жакшы болмок. Кээ бир депутаттарды чет мамлекеттен чукул келтирип, айрымдарын абактан алып чыгып добуш бердиришти. Кечээ добуш берүү болгондо мыйзам долбоору өтмөк эмес.

Бүгүн эң негизгиси жеңин түрүп иштей элек президенттин мөөнөтүн узартып беришти. Ал азыркы баш мыйзам менен шайланды да, ошондо Садыр Жапаров 2037-жылга чейин президент болуп иштесин деген эле сөз болду», - деди Жанар Акаев

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңеште референдум жөнүндө мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынды. Жалпы 100 депутат каттоодон өтүп, «макул» деп 94, «каршы» деп 6 депутат добуш берди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости