www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйыны болуп жатат. анда депутаттар өкмөт келип, отчет бериши зарылдыгы боюнча сунуштарын айтып жатышат. 

Депутат Жанар Акаев премьер-министр элдин бүдөмүк ойлоруна так жооп бериши керектигин айтты. 

"Бүгүн премьер-министр брифинг өткөрүп, азыркы элде болуп жаткан бүт бүдөмүк ойлорго так жооп бериши зарыл. Элде июнь, июль, август айларында пенсия менен жөлөк пул төлөнбөйт экен деген сөз жүрүп жатат. Бул боюнча өкмөт башчы бюджетте акча бар, мурда кандай болсо ошондой төлөнөт деп айтып коюушу керек.

Мигранттар боюнча маселени баарыбыз көтөрүп жатабыз. Өкмөт жооп бербейт. Ачуу чындыкты айткандан коркпош керек. Аларды алып келе алышабы же жокпу ачык айтуу шарт", - дейт Жанар Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости