www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев үрөй учурган кооптуу жагдайды коңгуроо кылып какты.

Эл өкүлү эки жылга жетпеген убакытта жашы жете элек кыздарды зордуктаган 88 адам пробациялык мөөнөт менен абактан чыгып кеткенин билдирип, ошол жеңил жаза менен чыккан зөөкүрдүн бири жабырлануучу кызды кайра барып зордуктаганын айтты.  Ал мындай маалыматты Жогорку сот менен Пробация департаментинен расмий түрдө алганын белгиледи.

Бул тууралуу депутат өз сөзүндө: "2022-жылдан бери жашы жете элек кыздарды зордуктаган 88 адам пробациялык мөөнөт менен абактан бошонуп кетиптир. Бул эки жылга жетпеген убакыттын ичинде эле катталган окуялар. Алар секелектерди зордуктап, абактан тез эле чыгып кетет экен. Азыр бир фактыны айтсам үрөйүңөр учат. Бирөө пробациялык мөөнөт менен чыккандан кийин жабырлануучу кызга кайра барып, экинчи ирет зордуктаптыр. Анан анын боюна бүтүп калган. Мына, соттор ушундайларды пробация менен бошотуп жатат", — деп билдирди.

Ошондой эле ал буга чейин Элвира Сурабалдиева башында турган депутаттар иштеп чыккан зордукчунун жазасын оорлоткон мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөнүн белгиледи. Ошондуктан аны тез арада экинчи-үчүнчү окуудан өткөрүп кабыл алууга чакырды.

Кызыгы, Жанар Акаев коомдогу өнөкөткө айланып бараткан кооптуу жагдайды коңгуроо кылып кагып жатса, дагы бир эл өкүлү Мирлан Самыйкожо эркектерди, зөөкүр, зордукчул катары көрсөтө бербейли, ушундай маалымат тараткандарды көзөмөлгө алыш керек деген оюн айтып чыкты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости