www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июль – Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлеринин күнү белгиленип, салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты.

Шаар башчысы салык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жоопкерчиликтүү эмгеги менен мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттер толукталып, билим берүү, саламаттык сактоо, жол-транспорт, инженердик инфраструктура жана башка социалдык маанидеги долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты.

Калаа башчысы Ош шаарында салыктык түшүүлөрдүн туруктуу өсүшүн белгиледи. Алсак, 2026-жылдын алгачкы алты айында салыктык түшүүлөр 1 миллиард 683 миллион сомго жетип, өткөн жылдын алты айлыгына салыштырмалуу 505 миллион сомго көбөйдү. Өсүү темпи 143 пайызды түздү.

Ошондой эле шаар мэри акыркы эки жыл ичинде Ош шаарынын жергиликтүү бюджети эки эсеге өсүп, 2026-жылга такталган бюджет расмий трансферттер менен 7,5 миллиард сомго жеткенин маалымдады.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгына ылайык ишке ашырылып жаткан пилоттук долбоордун алкагында салыктык түшүүлөрдүн бир бөлүгү түздөн-түз Ош шаарынын бюджетине чегерилип жатканы белгиленип, бул шаарды өнүктүрүү үчүн кошумча финансылык мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү айтылды.

Последние новости