www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанар Акаев жубайын ур-токмокко алды

Депутат Жанар Акаев аялын сабап салды. Мындай арызы менен анын жубайы полицияга арыз жазган. Аталган маалыматты Ленин райондук ШИИБи 24.kgге тастыктаганы маалым болду.

Башкармалыктан түшүндүрүлгөндөй, 8-январь күнү саат 13:30 чамасында Ленин ШИИББинин «102» кызматына Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандыгы тууралуу арыз келип түшкөн.

Метрополиттик полициянын кайгуул-күзөт кызматынын экипажы окуя болгон жерге жөнөшкөн, ал жакка барганда, К.Ж. аттуу жаран күйөөсү аны үйдө сабагандыгын көрсөтүп, полицияга жардам сурап кайрылган.

Андан кийин К.Ж. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жолдошу, депутат Жанар Акаевге чара көрүү өтүнүчү менен жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Анын айтымында, уруш учурунда күйөөсү уят сөздөрдү сүйлөп, анын мойнуна уруп, бутуна бир нече жолу тээп жиберген; жаңжал учурунда арыз ээсинин тырмактары сынып, кан жоготкон.

Учурда кылмыш-жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси боюнча сотко чейинки процесстер башталгандыгы аныкталды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости