www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Токтайым эже, эмне үчүн референдум менен президенттик шайлоо бир күндө өткөнүнө каршы болуп митингге чыктыңыз?
- Президенттик шайлоо менен референдумдун бир күндө өтүшү эл аралык нормага да туура келбейт. Ошондой эле, добуш берүү менен катар башкаруунун түрүн тандоодо адам калпыстыкка жол берип, кенен ойлонуп, так жооп бере албай калышы ыктымал.
Анткени, эки башка орчундуу маселеге эки башка жооп берүүгө адамга биринчиден убакыт керек. Экинчиден, шашкалактабай, кенен ойлонуу талап кылынат. Кезек күтүп тургандардын убактысын албайын деп шашкалактагандар окуп, жыйынтык чыгарбай эле автоматтык түрдө «баарына каршы» дегенди белгилеп коюшу мүмкүн.
- «Элдин бийлиги элге берилгени жатса, эмнеге бийлик суперпрезиденттик башкарууга багыт алганы жатат?» деп сындап жатасыңар?
- Элдин бийлиги президенттик эмес, президенттик-парламенттик башкаруу болгондо гана орнойт. Ошон үчүн президенттик башкарууга эмес, президенттик- парламенттик башкарууга өтсөк туура болмок. Бирок, биздин көп нерсени түшүнө бербеген депутаттарыбыз чоң катачылыкка жол беришти.
Айтайын дегеним, президенттик башкаруу, парламенттик башкаруу жана президенттик-парламенттик башкаруу деген мамлекеттик башкаруунун үч түрү бар. Булардын эки түрү гана референдумга коюлуп, үчүнчүсү атайын эске алынбай жатат. А мүмкүн эл референдумга кирбей калган президенттикпарламенттик башкарууну туура көрмөктүр...
Эмнегедир бийликтегилер суперпрезиденттик жана суперпарламенттик башкарууга гана басым жасап жатышат. Чынында суперпарламенттик башкаруунун да суперпрезиденттик башкаруудай эле кооптуу жагы бар.
Анткени, биздин парламент институту акыркы мезгилде далдалчы болуп, мыйзам саткан структурага кирип кетти. Ким кандай мыйзам сунуштабасын, элдин кызыкчылыгын эске албай эле, Конституцияга туура келер-келбесине карабай эле колдоп жатышат. Мына ошолорду токтото турган президент деген чоң күч болушу керек.
Тагыраагы, президент парламенттин аша чапкан жерлерин тескеп, калыстыкка чакырышы керек. Антпесек, президентке тете партиянын лидерлери кааласа мандат сатып, кааласа мыйзамдарды сатып, кааласа Конституцияны бузуп, башаламандыкка, мыйзамсыздыкка жол берип жатышат.
«Парламенттик өлкөбүз» дегенге таянып, парламент кыргыздын табиятына, Конституцияга дал келбеген 5 кодексти кабыл алып, элге каршы иш кылышты. Атамбаев «катачылыгы көп экен» деп кодекстерди парламентке жөнөтсө, парламент өкмөткө жөнөтөт. Сооронбай Жээнбеков болсо, кем-карчын карабай эле кол коюп салып, пайдасынан зыяны көп кодекстер ишке кирип кетти.
Жыйынтыгында, төрт жылдан бери бир да сот иши жылбай, бир да арыз бекер каралбай калды.
- БШКнын ишмердүүлүгүнө да ичи жылыбагандар четтен чыга баштады. Азыркы БШКнын курамы таза шайлоо өткөрүүгө күчү жетеби?
- Чынын айтсам, азыркы БШК таза шайлоо өткөрөрүнөн күмөнүм чоң. Буларды толук таркатып жиберип, жаңы шайлоо комиссиясын түзүп, анан шайлоо өткөрсө болмок. Өмүрбек Чиркешович мыйзамсыз мандат алып, келе калып эле «шайлоонун таза өтпөгөнүнө БШК жалгыз күнөөлүү эмес» деп алардын тарабай калышына шарт түздү. Эми октябрдагы толкундоого себеп болгон БШКнын толук курамы шайлоо өткөргөнү үчүн бул шайлоо да жокко чыгып калышы толук мүмкүн. Анткени, «эл Садырды колдойт» дегендей түр көрсөтүп жатышканы менен БШКнын ишмердүүлүгү азыр да маселе жаратышы толук ыктымал.
- Аянтка митингге чыккандын баары чындап референдумга каршылар десек болобу?
- Ооба, референдумдун өтүшүнө каршылар чыкты. Ал жерде эмгеги сиңген, туура көз карашты карманган адамдар жана жаштар болду. Алардын да пикирин эске албай койгонго болбойт. Алардын арасында бейөкмөт уюмдун мүчөлөрү да болгону үчүн бул маселени башкалар көтөрүп, «ушулар алып чыгып жатат» деген пикирди жаратууга кызыкдар адамдар да болуп жатат.
Чынында, бейөкмөт уюмдардын баары эле грант албайт. Батыштын грантын 4 гана пайызы алат. Өз эмгеги менен маселе көтөрүп, элдин таламын талашып жүргөндөрү толтура. Аларды Батыштан каражат алган саналуу адамга кошуп, каралап-тепсеген туура эмес. Алардын баарын каралоо – сөз эркиндигин чектөө үчүн жасалып жаткан саясат деп түшүнөм.
Анткени, бийликтеги коррупционерлердин былыгын алып чыккан бейөкмөт уюмдарга жарлык тагыш үчүн «Кыргызстандын эмес, Батыштын кызыкчылыгын колдойт» деп мөөр басып жатышат.
- Сиз да грант менен жан багасызбы?
- Мен бейөкмөт уюмдардан чыкканым чын. Бирок, мен 2005- жылдан бери эч жерден грант албайм. Ага карабай, «бирде Американын, бирде Россиянын, бирде Казакстандын кызыкчылыгын көтөрөт» деп каралап жүрүшөт. Чынында мен кыргыздын гана маселесин көтөрүп, Кыргызстандын гана кызыкчылыгын колдойм.
- Шайлоо тынч эле өтөбү же кайсы бир күчтүн таасири тийип кетиши мүмкүнбү?
- Шайлоо тышкы саясатта да, ички саясатта да оор шартта өткөнү турат. Тышкы саясат тууралуу айта турган болсок, Кыргызстан менен Казакстанда шайлоо болот. Бир өлкөнүн чатагы экинчи өлкөгө өтүп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн ар бир ишке кайдыгер карабай, мыйзамды сактап, калпыстыкка жол бербегендин аракетин көрүшүбүз керек. Болбосо, сырткы күчтөрдүн Орто Азия боюнча даярдаган сценарийи ишке ашып кетиши мүмкүн.
- Ал сценарийди тышкы күчтөр кимдер аркылуу ишке ашырат деп ойлойсуз?
- «Мөл Булактын» жетекчиси Бабур Төлбаев президенттик шайлоого аттанып жатканына чыны менен ичим ачышып жатат. «Мөл Булак» компаниясы менен «Финка» жана башка Батыштан каржыланган микрофинансылык компаниялар – Орто Азия менен Кыргызстанды жардыра турган тышкы саясаттын стратегиялык куралы десек болот. Мына ушуларга окшогон микрокредиттик компаниялар Кыргызстандын түбүнө жетти.
Миңдеген адамдар үйсүз калып, проценттерин жабалбай, тышкы миграцияга чыгып, «социалдык жетимдер» деген түшүнүк пайда болгонуна да түздөн-түз ушулар себепкер. Булар элдин шоруна калган, миллиондогон кыргыздарды куураткан компаниялар. Керек болсо ушул эле компания Россияга чейин барып, карыз алган жарандарды «алган карызыңды төлө!» деп кууп жүрөт.
Ошолорду тоногону үчүн азыркы мезгилде миллиондогон акчалары бар чоң банктарга айланышты. Президенттикке талапкер болгонго дагы үлгүрдү. Чынында, булардын пайдасынан зыяны көп. Булардын пайыздары банктардан бир канча эсе жогору. Негизи чет өлкөдө микрофинансылык структуралардын пайыздары банктыкынан төмөн болот. Бул нерсеге жол ачкандар да саткындар. Ага карабай элдер алданып, алардан кредит алып жатышат.
Булак: «Азия News» гезити