www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш депутат Жанар Акаев салык кызматына кирешеси жана киреше булактары тууралуу толук маалымат бербей, буйтап жүрөт дешет билгендер.

Айтсак, ал өзүн буга чейинки декларациясында автоунаасы, турак-жайы, деги эле эч нерсеси жок, көчөдөгү селсаяктай болуп көрсөткүсү келген деп күбүр-шыбыр кылышууда салыкчылар.

Муну менен Акаев эмнени жашырып жүрөт болду экен? Билгендер анын соода менен алектенген компаниясы бар деп жүрүшөт. Ал ишкана 2014-жылы юстиция министрлигинен каттоодон өткөн, бирок ушуга чейин салык түрүндө мамлекеттик бюджетке "кокон тыйын" которгон эмес.

Белгилей кетсек, бул депутат 2015-жылы парламентке шайланып келген, ошондон кийин ал коммерциялык ишмердүүлүгүн токтотушу керек болчу. Тагыраагы ага чейин эле, себеби депутаттыкка чейин ал президенттин маалымат-катчысы болуп эмгектенген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости