www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанар Акаев жашыруун бизнеси тууралуу Фейсбуктагы баракчасына маалымат иретинде жооп жазып чыкты.

Белгилей кетсек, буга чейин Жанар Акаевдин өздүк декларациясында көрсөтүлбөгөн бизнеси тууралуу маалымат тараган болчу. Анда депутат беш жыл аралыгында анын компаниясы бюджетке бир тыйын которбогондугу, декларациясында кыймылсыз жана кыймылдуу бир дагы мүлкү көрсөтүлбөгөндүгү айтылган. Жогоруда Жанар Акаевдин жообун толук жана өзгөртүүсүз келтиребиз.

- Akaev IDEA тууралуу

“Экономист” сайты менин 5 жыл мурдагы “жашырылган бизнесим” тууралуу жазып чыкты. Мен муну эч кандай саясатка же шайлоого шылтабайм, анткени аталган сайт маалымдаган Akaev IDEA жоопкерчилиги чектелген коомун мен мамлекеттик кызматка келгенге чейин ачканым анык. Бирок бул ОсОО эч кандай ишмердик менен алек болбогону тууралуу маалыматы болсо да, “бизнесин жашырган” деп жазып чыкканы аша чапкандык, анткени бул ЖЧК ачылып, бирок мен мамлекеттик кызматка өткөнүм үчүн ал таптакыр иш алып барган эмес. Бул ОсОО күркүрөп акча тапмак тургай, бир ирет да ишмердик жүргүзгөнгө үлгүргөн жок. Бир да пайда, киреше тапкан эмес, бул тууралуу салыктын төлөнүшү же ишмердик тууралуу оңой эле аныктап койсо болот.

Мыйзам боюнча Жогору Кеңештин депутаты ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынат, мен муну жакшы билем, ошондуктан мамлекеттик кызматка келерим менен аталган министрликке ОсООну жаап салуу тууралуу арыз менен кайрылгам, бирок эмнегедир ошол учурда жабылган эмес, биздин кемчилик - арыз берген боюнча көзөмөлдөбөй калганыбыз, жабылды деген ойдо. Бирок мен мыйзамды бузуп, ишкердик менен алек болгон эмесмин.

“Экономист” сайты саясатчыларды, эл өкүлдөрүн тартипке чакырып, кемчилигин көзгө сайып көрсөтүп турганы колдоого ала турган иш. Бул ОсОО азыр минюсттун сайтында ликвидация болчу ОсООлордун катарында турат. Кымындай иш жүргүзгөн эмес, болгону өз убагында жабуу арызыбыз көзөмөлдөнбөй калганын мен азыр териштирип жатам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости