www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын финансы министри Жанет Йеллен анын инфляция боюнча божомолдору өтө эле оптимисттик маанайда болгонун мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Былтыр Йеллен АКШдагы инфляция "анча чоң эмес тобокелдик" экендигин айткан. Ал эми 2022-жылдын март айында инфляциянын деңгээли 1981-жылдан бери рекорддук көрсөткүчкө чыгып, 8,5 пайызды түзгөн. 2021-жылдын августунан тарта баанын өсүшү апрелде басаңдап, 8,3 пайыз болгон.

"Инфляция боюнча жаңылыш ой жүгүртүп алыптырмын... Мурдараак белгилегенимдей, энергия менен азык-түлүктүн баасы өсүп, товарларды алып келген чынжырчанын бузулушунан катуу сокку урулуп, экономикада жаралган шокту эч ким күткөн эмес. Анда мен толук түшүнбөптүрмүн, бирок азыр аны моюнга алып жатабыз", — деген ал CNN телеканалынын эфиринде.

Белгилей кетсек, май айында АКШнын Федералдык резерв системасынын башчысы Жером Пауэлл инфляцияны төмөндөтүү үчүн өлкөдө регулятор пайыздык чендерди көтөрүп, "катаалыраак кадамдарды" жасаганга даяр экендигин жар салган. Муну ал өкмөт инфляция темпин басаңдатуу үчүн жасаган чараларына комментарий берип жатканда айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. 

Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан кийин Орусияга карата бир катар санкцияларды салган. ЕБдин өлкөлөрү россиялык нефть менен газдан баш тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү олуттуу түрдө эле издеп жатышат. Президент Владимир Путин Орусияны алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнө экономикасынын шайын бир топ эле алып койгондугун эскерткен. Анын айтымына караганда, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун начарлатуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости