www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы депутаттар кайсы валютаны жакшы көрөт?

“Ынтымак» партиясынан министр Шыкмаматовдун жыты да жок. Бирок жерде калбас, ал эми депутаттар: Көкүлов Эрулан, Мажитова Шарапаткан, Мамытов Талант Турдумаматович, Тентишев Бакыт Эркинов, Сыдыков Мурадил, Маматалиев Марлен Абдырахманович, Түлөбаев Балбак Зарлыкович, Исатбек кызы Аида, Лурова Лейла Хияновна.


Кошумча акча каражаты.

Наристе депутаттын  жулунгандарына 1-2 ай толгондо,кээ бирлерине жыл айланбай  А (алтын), В (валюта), Д (доллар), Е  (евро), Р (рубль), С (сом) витаминдерин акырындан бере берсе болот. Алгач С витамининен башташ керек. Андан соң Р, Д, Е витаминдерин акырындап бере берген оң. Качан бул витаминдерге организм көнө баштаганда В 1 (фунт стерлинг), В 2 (юань), В 3(иен) жана башка В витаминдерин бериш керек. Бул витаминдер ымыркай депутаттын организмин чыңдайт. Бирок, күч органдарына салам бербей туруп наристе депутаттын рационуна витаминдерди киргизүү жарабайт.Бөтөнчө А витамини өтө коркунучтуу, коррупция деген илдетке чалдыкпай туруп бул витаминдерди жеген ымыркай депутаттарды ашыкча жегендеринин барын күч органдары кустуруп алышы мүмкүн.

Уйку

Өзүнүн депутаттык өмүрүнүн башында ымыркай депутат дээрлик уктай берсе болот. Чындыгында «Ач кулактан,тынч кулак» деп жаш депутат ЖКнын жыйынындабы,комитеттин отурумундабы, фракциянын ишиндеби жаагын таянып,тымызын уктай бергени дурус. Себеби, түнкүсүн «тусовкага» чыгып көңүл ачыш керек, уйкунун нормасын толтуруу да керек.Уйкунун нормасын толтурууга парламент абдан ыңгайлуу жай.

Гимнастика

Эгер наристе депутат аз кыймылдап, булчуңдары, муундары начар болсо, анын курсагынын салмагы өсөт. Наристе депутаттар кыймылдаганга үйрөнүш керек. Бөтөнчө партиялык лидерлерди жана башка кызмат даражасы чоңдорду көргөндө белди ийип, карапайым адамды көргөндө көкүрөктү көтөрүп, кекирейип гимнастика жасаса болот.

Ымыркай депутатты тарбиялоо

Ымыркай депутаттар белгилүү күн тартибине өтө тез көнүшөт. Эгерде аларды дайыма бир убакта сүйлөтүп, убагында оозун скоч менен жаап турса, алар чыргоолонбойт. Кокустан жаңы депутат сөз сурап калса,отурган жери ыңгайсызбы текшерип көрүш керек. Балким ал витаминдерге тойбой жүргөндүр, чындыгы андай болсо,бир аз Каржы министринин «упчусун» эмизип, ага да болбой тежиктене берсе, регламент менен же этика комиссиясы менен коркутуу зарыл. Адатта ошондон соң наристе депутат тынчып калат. Арасында жулунган бейбаштары тежиктенип отуруп өзүнүн каалаганына жетишүүгө мүмкүн. Аларды деле текшерип көрүш керек, анын тежиктенүүсүнө кимдер колдоо көрсөтүп атат, балким жашабай жатып коррупция деген коркунучтуу илдетти жуктуруп алып жүрбөсүн.

Жаш депутаттын тамактануусу.

Ымыркай депутаттын организминин өсүшүнө жакшылап тамактануусу керек. Лекин, карапайым эл кымбатчылыктын азабын тартып жаткан учурда жок, дегенде ымыркай депутаттардын курсактары ток болууга тийиш. Наристе депутат ар бир эки саатта күчтүү рациондуу тамак ичсе болот. Күнүгө үч жолу ресторанга барып тамактаныш керек. Ымыркай депутатта түнкү уйку деген болбош керек.Түнкүсүн түнкү клубдарга барып таң аткыча уйча күйшөп тамактана бербесе организмин чыңдай албайт.Эртең менен Чыгыштын кухнясын, кытай, жапан жана башка элдердин тамак ашын, цитрус өсүмдүктөрүн жегени пайдалуу, түшкү ланчка Батыштын кухнясы талап кылынат. Ал эми кечки тамакка кыргыздын эле улуттук чучук,карта, беш бармак жана башка сыйлуу тамактарын жегени оң. Андан тышкары өзөгүн карартпай ар бир эки саатта гамбургер, хот-дог сыяктуу даамдуу тамактардан жеп, салмагына салмак кошпосо жөнөкөй элден айырмаланбай калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости